homepage

Санитардык майлык

Always жаздыкчаларында эмне бар?

Always менен биз, сиз күн сайын колдонгон буюмдар жөнүндө билгиңиз келет деп түшүнөбүз. Ошондуктан биз сизди, туура бир өнүмдү тандоо үчүн зарыл маалымат менен камсыз кылууга аракет кылабыз.

Биздин Always төшөмдөржана жаздыкчалар ыңгайлуулукту жана коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан материалдардан жасалган. Биздин өнүмдүн курамынын толук сыпаттамасы жана ар бир компонентинин багыты жөнүндө түшүндүрмөнү караңыз.

Сизде суроолор барбы? Сураныч, биздин суроо/жоопторду караңыз же бизге билдириүү жөнөтүңүз.

Always өнүмдөрү коопсузбу?

Ооба, биздин жаздыкчалар жана төшөмдөр коопсуз жана күн сайын миллиондогон аялдар тарабынан коопсуз пайдаланылат. Сиздин коопсуздугуңуз биз жасаган аракеттердин өзөгүндө, ошондуктан биздин өнүмдөр кылдат текшерилет, анын ичинде, дарыгерлер, ЖОЖдордун окумуштуулары жана саламаттык сактоо органдарынын адистери сыяктуу көз карандысыз эксперттер тарабынан катуу сыноолордон өтүшөт. Өндүрүш учурунда, жаздыкчалардын материалдарына 1800дөн ашуун сапат сыноолору, колдонуудан мурун жүргүзүлөт. Жыл сайын көз карандысыз лабораториялар менен жаздыкчалардын жана алардын курамдык бөлүктөрү боюнча 20000ден ашуун текшерүүлөр өткөрүлөт. Мындан тышкары, Always (Always Ultra, Always Night, Always Sensitive) Тери Саламаттыгы Альянсынын “Дерматалогия тарабынан тастыкталды” деген ырастоосу ыйгарылды.

Сиз колдонгон жаздыкчалар териңизди дүүлүктүрөбү?

Жок, биздин жаздыкчалар терини дүүлүгүсүн жаратпайт. Биздин бардык өнүмдөр, алардын коопсуз пайдаланышын камсыз кылуу үчүн катуу коопсуздук сыноолордон өтүшөт. Коопсуздук сыноосунун мисалын бул жерде тапсаңыз болот.

Жыпар жыттуу төшөмдөр коопсуз болобу? Алар тынчыбызды алып, ошол жерди кычыштырбайбы?

Сиздин коопсуздуңуз биз жасаган бардык аракеттердин өзөгүндө турат, андыктан, биздин жыпар жыттуу жаздыкчалар менен төшөмдөр, пайдалануу үчүн коопсуз. Биздин жытту төшөмдөрдөгү материалдарды жана жыпар жыттарды, дүүлүктүрбөй жана кычыштырбай тургандай кылып тандайбыз. Мындан тышкары, биздин жаздыкчалар жана төшөмдөрдө колдонулган жыпар жыттар Эл аралык жыпар жыттар бирикмесинин, жыпар жыттар коопсуздугу тармагында дүйнөлүк жетектөөчү орган тарабынан коюлган катуу коопсуздук стандарттарына жооп берет. Биз жыты жок өнүмдөрүбүздү, жыпар жытсыз өнүмдү каалаган же жыпар жыттарга сезимтал келгендерге сунуштайбыз.

Эмнеге сиздин төшөмдөрүңүз 100% пахта буласынан жасалбаган?

Биздин өнүмдөр кайсы буладан жасалгандыгына карабай коопсуздук жана натыйжалуулук стандарттарынын катуу талаптарына жооп берет. Ар бир аял жана агым ар кандай, ошондуктан биздин өнүмдүн тандалышын камсыз кылабыз деп ишенебиз. Мына ошондуктан, биз жөнөкөй материалдан жасалган төшөмдөр керек болгон жана аларга таяна турган аялдар үчүн Always Sensitive Essentials жараттык.

Ымалага келүүнүн кажети жок, Sensitive Essentials ишенимдүү ыңгайлуулукту жана коргоону, боёчу заттарды, жыт бергичтерди жана хлор агартуучуларды камтыбаган жөнөкөй заттардын айкалышында сунуштайт .

Төшөмдөрдө хлор чайкагычы жокпу?

Жок, Always Sensitive Essentials төшөмдөрү хлорсуз тазалануу жараяны менен тазаланат, ал эми калган төшөмдөрүбүз толугу менен элементардык хлорсуз ыкма менен тазаланат. Эки жараян тең коопсуз.

Эмнеге жаздыкчаларда кандайдыр бир агартуу колодонулат?

Биздин жабдып берүүчүлөр биздин өнүмдөрдөгү целлюлоза булаларын тазалоо үчүн элементардык хлорду камтыбаган жараянды колдонушат. Тазалоо табигый аралашмаларды жок кылып, булаларды тазалап өндүрүшкө даярдайт. Булаларды агартуу бул жараяндын натыйжасы, бирок максаты эмес. Always Sensitive Essentials төшөмдөрү кагаз булаларынын толук хлорсуз альтернативдүү ыкма аркылуу жана суутектин кычкылын колдонуп тазалаган жолду сунуш кылат.

Төшөмдөрүңүз уулуу боёгучтарды камтыбайбы?

Жок, камтыбайт. Биздин кээ бир төшөмдөрдөгүколдонулган пигменттер, коопсуз колдонууну кепилдөө үчүн окумуштуулар, медциналык кызматкерлер, авторитеттүү органдар тарабынан кылдат текшерилген.

Сиз өзүңүздүн өнүмдөрүңүздүн коопсуздугуна кантип кепилдик бересиз?

Кам санабаңыз, биздин илимий жараяндарыбыз, өнүмдөрдү колдонгон аялдардын коопсуздугун камсыз кылат. Рынокко коопсуздуктун илимий стандарттарына жооп берген гана өнүмдөр жана материалдар гана чыгат. Андан тышкары, биздин өнүмдөрүбүздү коопсуз колдонуу үчүн биз өзүбүздүн сыноолорубуздун жыйынтыктарын окумуштуулар, медицина кызматкерлер, ыйгрым укуктуу органдар менен бөлүшөбүз. Коопсуз жараяндар жөнүндө көбүрөөк маалымат үчүн бул веб-сайтты караңыз.

Биздин коопсуздук милдеттемебиз.

Always биздин бардык өнүмдөрүбүздүн коопсуздуктун стандарттарына жооп беришин камсыз кылууга умтулат. Андан тышкары, биздин коопсуздукту сыноо менен бирге, алардын өз тери коопсуздугу талаптары аркылуу биздин өнүмдөр көз карандысыз эксперттер тарабынан каралып, ингредиенттергеди ээ болууну өтө маанилүү деп эсептейбиз. Так ошондуктан биз, Теринин Саламаттыгы альянсынан «дерматологиялык аккредитацияланган» деген ырастоону алганыбыз үчүн сыймыктанабыз.

Тери Саламаттыгы Альянсынын аккредитациясы

Тери Саламаттыгы Альянсы бул ким?

Алардын өздөрүнүн сөздөрү менен: "Теринин Саламаттыгын Сактоо Уюму дүйнө жүзү боюнча,кызматтар жана бренддердин кесиптик дерматологиялык аккредиттация сыйлыгын ыйгарат.

Биз керектөөчүлөрдүн, өнүмдөрдүн териге коопсуз экендигин текшерилгендигин ишендирүү аркылуу алар өздөрүнүн тандоосуна ишенимдүү болушуна жардам кылабыз.

Биз ошондой эле биздин ишибизде, кайрымдуулукка жана сооп иштерге колдоо көрсөтүүбүз үчүн сыймыктанабыз."

https://www.skinhealthalliance.org/about-us/

Always (Always Ultra, Always Night, Always Sensitive) Тери Саламаттыгы Альянсынын “Дерматалогия тарабынан аккредитацияланды” деген ырастоосу ыйгарылды.

Тери Саламаттыгын Сактоо Альянсынын аккредитациясын алуу деген эмнени түшүндүрөт?

“Дерматологиялык аккредитациянын логотиби, биздин өнүм бардык коопсуздук талаптарына жооп беришин тастыктайт. Бул талаптар өндүрүүчү же соода белгиси тарабынан коюлбайт, тери адистери жана көз карандысыз дерматологтор командасы менен макулдашылган”. Джеймс Сталей, Аткаруучу директор, Тери Саламатыгын Сактоо Альянсы

Көбүрөөк маалымат үчүн, Сиз аларды интернеттен караңыз:

Тери Саламаттыгын Сактоо Альянсынын веб-сайты - https://www.skinhealthalliance.org/

Алар ким/эмне жумуш кылган жөнүндөгү видеону: https://www.youtube.com/watch?v=NA-lr0UMxC4